Алдамчылар WhatsApp аркылуу Адылбек Касымалиевдин атынан билдирүү таратышууда

13:51, 05 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиевдин атынан WhatsApp аркылуу алдамчылык билдирүүлөр таратылууда. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Дайырбек Орунбеков Фейсбук баракчасында билдирди.

«Акыркы күндөрү мессенжер аркылуу интернет шылуундары министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин атынан билдирүү жөнөткөн фактылар катталууда. Маалыматтарга караганда, мындай билдирүүлөр үч-төрт кызматкерге түшкөн. Демек, башка жарандарга дагы жазган учурлар болушу мүмкүн. Буга чейин жогорку кызмат өкүлдөрүнүн атынан СМС билдирүү жиберген алдамчылардын аракеттери бөгөттөлгөн», — деп жазган ал.

Фото Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы . Алдамчылар WhatsApp аркылуу Адылбек Касымалиевдин атынан билдирүү таратышууда
Мындай билдирүүлөргө ишенбөөгө, маалыматты тактап, тийешелүү органдарга кайрылууну сунуш кылабыз. Интернет алдамчылары бар экенин, алардын айла-амалдары тууралуу жакындарыңыздарга дагы айта жүрүңүздөр, сак болуңуздар. Мындай алдамчылардын аракеттери боюнча тийешелүү органдар иш жүргүзүп жатат, алар мыйзам чегинде жазаларын алышат", — деди ал.