Ош облусунда беш подряддык уюмдун жетекчилери кармалды

14:03, 05 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Ош облусунун «Кең-Сай» конушундагы жолдорду, суу түтүктөрүн жана электр энергиясын курууда бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу жана уурдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнү улантууда.

Мекеменин басма сөз борбору билдиргендей, текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө «А.Б.», «А.Н.», «Б.С.», «Ю» «С.С.», «С.Н.» ЖЧК подряддык уюмдары тарабынан аткарылган иштердин алдын ала зыяны 18 211 822 сомду түздү. Аталган компаниялардын жетекчилери КР ЖПКнын 96-беренеси боюнча КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда жасалган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого жана кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тиешелүү чараларды көрүү улантылууда.