14:19, 05 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) эки салмак боюнча мурдагы чемпиону Конор Макгрегор Ирландиянын президенттигине талапкер болуу ниетин билдирди. Бул тууралуу Макгрегор социалдык тармактагы баракчасында Дублиндеги өкмөт имаратынын алдында тартылган видеокайрылуусунда билдирди.
UFC жылдызы буга чейин бизнесмен Илон Масктын колдоосуна ээ болгон.
Ирландияда президенттик шайлоо 11-ноябрга белгиленген.
Эске салсак, Макгрегор буга чейин март айында президенттикке аттануу пландары бар экенин айткан. Бирок анын ысымы жергиликтүү кеңештердин колдоосун издеген талапкерлердин тизмесине кирген эмес. Бюллетенге кирүү үчүн Макгрегорго парламенттин 20 мүчөсүнүн же төрт жергиликтүү же аймактык кеңештин колдоосу зарыл.
Макгрегор 37 жашта, акыркы жолу 2021-жылдын жайында UFC 264 турниринде америкалык Дастин Порьерге каршы мушташкан.