Майк Тайсон жеңилбес мушкер Флойд Мейвезер менен беттешет

15:42, 05 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Фото Интернеттен алынды
Бокс боюнча Эл аралык Даңк Залынын 59 жаштагы мүчөсү, бокс боюнча оор салмакта дүйнөнүн мурдагы талашсыз чемпиону, легендарлуу америкалык Майк Тайсон беш салмак категориясы боюнча мурдагы дүйнө чемпиону Флойд Мейвезер менен беттешүү үчүн келишим түздү. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда чет элдик спорт басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, CSI Sports/Fight Sports тарабынан уюштурулуп жаткан беттеш болжолдуу түрдө 2026-жылдын жаз айына белгиленген. Мелдештин так датасы жана орду азырынча тактала элек.

Эске салсак, МайкТайсон америкалык блогер жана мушкер Жейк Пол менен акыркы беттешин 2024-жылдын 14-ноябрында өткөрүп, жалпы чечим менен утулуп калган. 48 жаштагы Флойд Мейвезер болсо Жон Готти III менен 2024-жылдын августунда беттешкен. Беттеш сегиз раундга чейин созулуп, жеңүүчү аныкталбай аяктаган.