Үч күндө Ысык-Көлдөн 15 миң метрден ашык тор чыгарылды

12:37, 08 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Үч күндүн ичинде Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары Ысык-Көлдөн 15 100 метр мыйзамсыз орнотулган торлорду чыгарышты. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тазалоо иштери 5-6-7-сентябрь күндөрү өтүп, анда Түп районунун Курмонту айылынан Өрүктү айылына чейинки суу аймагы тазаланды. Жумушка 30 суучул тартылган.

Мындай иш-чаралар көлдүн экосистемасын сактоо жана мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу максатында байма-бай өткөрүлүп турат.