Бишкекте ТМУга мүчө өлкөлөрдүн Азирети Муфтийлеринин VI жыйыны өтөт

09:00, 10 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Фото Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы
Эртең, 11-сентябрында ТМУга мүчө мамлекеттердин Дин башкармалыктарынын төрагаларынын VI жыйыны өтөт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдирди.

Тарыхый саамалыкка Кавказ мусулмандарынын башкармалыгынын төрагасы жана Азербайжан Республикасынын муфтийи, шейхул-ислам Аллахшүкүр Пашазаде, Түркия Диянет иштери башкармалыгынын башчысы, проф., др. Али Эрбаш, Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын башчысы, баш муфтий Ноорузбай ажы Таган уулу, Түркмөнстандын муфтийи Ялкап Хожагулиев, Өзбекстан мусулмандары Дин башкармалыгынын төрагасы, муфтийи, шейх Нуриддин ажы Холикназар, ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевдин катышуусу күтүлүүдө.

Ошол эле күнү ТМУга мүчө мамлекеттердин Дин башкармалыктарынын төрагаларынын VI жыйынынын алдында «Сиражуддин ал-Оший жана анын ислам илимдерине кошкон салымы» атттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтмөкчү.

Белгилей кетсек, эл аралык деңгээлдеги маанилүү бул иш-чара КР Президентинин колдоосу менен Кыргызстанда алгачкы жолу уюштурулууда.