Бүгүндөн тарта Бишкектин бир бөлүгүндө үч күн газ болбойт

12:11, 10 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com

10-12-сентябрь күндөрү Бишкектин бир бөлүгүндө газ болбойт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» газ кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 10-12-сентябрь күндөрү төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:

Айни көчөсү, Муромский көчөсү, Кривоносов көчөсү, Осмонов көчөсү, № 40 орто мектеби.

«Бишкекгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.