Ош шаарынын мэри үч эмге эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды

14:51, 10 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев үч эмге эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Басма сөз кызматы билдиргендей, Айзирек, Айтунук жана Айназик Муратовдор 3-класста окушат. Буга чейин кыздардын чоң энеси мэрге жолугуп, жагдайды түшүндүргөн.

Жеңишбек Токторбаев кыздардын келечеги кең болушун каалап, аларды тез арада жаңы батирге көчүрүү тапшырмасын берди.

Фото Ош мэриясынын басма сөз кызматы