Кыргызстанда дары-дармектерге рецепт жазуунун жаңы тартиби киргизилди

16:30, 10 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Министрлер кабинети Кыргыз станда дары-дармектерге рецепт жазуу тартибин бекитти. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документ калкты дары-дармек менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу максатында кабыл алынды.

Бул токтом менен дары-дармектерге рецепт жазуу эрежелери, дары-дармектерди рецепт боюнча берүү эрежелери, саламаттык сактоо уюмдарында дары-дармектерге талаптарды (заявкаларды) жазуу жана тариздөө тартиби, рецепт бланктарын сактоо эрежелери бекитилди.

Рецепт боюнча берилүүчү дары-дармектер эл аралык патенттелбеген аталыштары менен латын тилинде электрондук форматта жана кагаз жүзүндө — бекитилген үлгүдөгү рецепт бланктарында жазылары белгиленди.

Саламаттык сактоо министрлигине ушул токтом менен бекитилген рецепт бланктарынын формаларын саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көбөйтүлүшүнө көзөмөл жүргүзүү тапшырылды.