Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынан келген эмгек мигранттарына алардын социалдык жана эмгектик укуктарын коргоодо көмөк көрсөтүүнү улантууда.
Алсак, 2025-жылдын сегиз айында өкүлчүлүктүн колдоосу менен 273 кыргызстандык жарандын жалпы суммасы 23,4 миллион рублга төлөнбөгөн эмгек акысы кайтарылган. Мындан тышкары, Кыргызстандын жети жаранына 10,7 миллион рубль өлчөмүндөгү өндүрүштүк жаракаттан улам ден соолугуна келтирилген зыян үчүн иш берүүчүлөрдөн компенсация өндүрүүгө жардам көрсөтүлгөн.
Жалпысынан өкүлчүлүк 2022-жылдын ноябрь айында иштей баштагандан бери Кыргызстандан 1417 эмгек мигрантына жардам көрсөтүлгөн. Алар 118 миллион рублдан ашык эмгек акы карызын жана ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтурууга жетишкен.