03:35
USD 87.45
EUR 102.47
RUB 1.03

ЖК дарыгерлерге кол салуу үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүүнү жактырды

Жогорку Кеңеш дарыгерлер менен мугалимдерге кол салуу үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүүнү жактырды. Бүгүн, 11-сентябрда парламенттин жыйынында «Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев алып чыкты.

Анын айтымында, кызматкерге кызматтык милдеттерин аткарууда кол салуу үчүн жаза киргизүү сунушталууда.

Долбоор саламаттыкты сактоо, билим берүү жана башка мамлекеттик кызматтар көрсөтүлүүчү тармактарда иштеген кызматкерлердин коопсуздугун жана кадыр-баркын сактоого багытталган.

«Акыркы убакта медицина кызматкерлерине кол салуу, агрессия фактылары көбөйдү. Бул маселенин курчтугунан кабар берет. Кылмыш-жаза кодексинде мындай кылмыштар үчүн жоопкерчилик каралган эмес. Ошондуктан бул өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы келип чыкты», — деди министр.

Эң көп окулган жаңылыктар