ЖК Гүлшаркан Култаеваны БШК мүчөсү кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотту

15:07, 11 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Жогорку Кеңеш КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Култаева Гүлшаркан Оконовнаны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотту.

Гүлшаркан Култаева БШКнын мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу арыз жазган.

Буга 79 депутат добуш берди.

Эске салсак, 19-февралда парламент Гүлшаркан Култаеваны БШКнын мүчөлүгүнө шайлаган. Ага чейин Жогорку Кеңештин депутаты болгон.