02:02
USD 87.45
EUR 102.47
RUB 1.03

Бүгүн Алайда Алымбек датканын 225 жылдыгынын экинчи күнү уланууда

Бүгүн, 12-сентябрда Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылында кыргыз элинин биримдиги жана азаттыгы үчүн эмгектенген мамлекеттик жана коомдук ишмер Алымбек датканын 225 жылдыгынын экинчи күнү белгиленип жатат.

«Алымбек датка» коомдук фондунун алынган маалыматка караганда иш-чаранын алкагында кыргыз-казак акындарынын ортосундагы эл аралык айтышы жыйынтакталат. Байге фонду — 600 миң сом. Жеңүүчүгө Ош шаарынан бир бөлмөлүү батир тапшырылат.

Ошондой эле мааракеде улуттук оюндар боюнча мелдештер жана гала-концерт өтөт.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин тескемесине ылайык, Алымбек датканын 225 жылдыгы жалпы улуттук маанидеги юбилейлик иш-чаралардын тизмегине кирген.

Эң көп окулган жаңылыктар