Кыргызстанда бир суткада 31 өрт кырсыгы катталды

11:12, 12 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Өлкө аймагында сутка ичинде 31 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 32 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунда 9, Бишкек шаарында 6, Чүй облусунда 8, Ош облусунда 5, Ысык-Көл облусунда 1, Баткен облусунда 1, Нарын облусунда 1өрт катталды.

Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон.