Ош шаардык муниципалдык кызматкерлер пара алып жаткан жеринен кармалды

12:25, 12 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Пара алып жаткан деген шек менен аткаминерлер кармалганын Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин, үстүбүздөгү жылдын 4-сентябрь күнү милиция бөлүмүнө Ош шаарынын тургуну А.у. К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда, Ош шаарынын суу чарба муниципалдык башкармалыгынын кызматкерлери 2022-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Ош шаарында жайгашкан 4-даана автоунаа жуучу жайлардын иштетилген суусуна негизги төлөмдөн сырткары ар биринен айына мыйзамсыз 5 000 сомдон алып жүрүшкөндүгүн билдирген. Жалпы келтирилген чыгым 360 000 сом акча каражатын түзгөн.

ИИМдин басма сөз кызматы. Шектүү
Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси «Пара алуу» боюнча кылмыш иши козголгон.