13:19, 12 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 2026-жылдагы ажылык сапарга зыяратчыларды ташууну уюштуруу боюнча авиакомпаниялар арасында сынак жарыялады.Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, документтерди кабыл алуу 2025-жылдын 6-октябрына чейин созулуп, сынак 8-октябрда Бишкек шаарында өтөт.
2026-жылдагы Сауд Араб Падышалыгы (мындан ары САП) ажыларды Кыргыз Республикасынан (мындан ары КР) жеткирүү жана кайра алып келүү, аба каттамы аркылуу ташууну жүзөгө ашыруу боюнча конкурска катышуу үчүн авиакомпанияларга коюлуучу негизги талаптар:
1. САП эрежелерине жооп берген авиа ташуучунун тиешелүү лицензиялары жана сертификаттарынын болушу, учактын (аба кеменин) жерде тейлөө жөнүндө колдонуудагы макулдашуулар, авиакомпанияны, учактын камсыздандыруу жөнүндө сертификаттары, учактын реестрдеги каттоо жөнүндө күбөлүк, ар бир учактын тибине жана учууга жарактуулугу боюнча сертификаты, жүргүнчүнүн, багаждын, үчүнчү жактардын алдындагы жоопкерчиликти камсыздандыруу ж.б.).
2. Авиакомпания Бишкек жана Ош шаарларынан Жидда жана Мадина шаарларына түз рейстерди аткаруу жана кайра алып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Бул үчүн САПтын эрежелерине жооп берген авиакомпаниянын балансында (менчигинде) турган учак менен учууларды жүзөгө ашыруу үчүн бардык уруксаттар бар болушу зарыл.
3. Катталган мамлекетин, техникалык мүнөздөмөсүн, учактын тибин, көрсөтүлгөн маршруттар боюнча учууларды ишке ашыруучу сыйымдуулугун көрсөтүү менен пайдаланууга жарактуу төрт учактан кем эмес болушу (колдонуудагы сертификаттар, күбөлүктөр ж.б.).
4. Бир зыяратчыга эки тарапка авиабилеттин баасын көрсөтүү (Прайс-лист).
5. САПтын Жарандык Авиация департаменти тарабынан бекитилген 2025-жылдын 15-ноябрына чейин эки тарапка тең слотту (учуулардын графигин) берүү.
6. 2026-жылдын 10-майынан 20-майына чейин САПтын (Жидда жана Мадина шаарларында) слоттору болушу шарт. Ажылардын жалпы саны — 6060 адам. Авиакомпания КРдан САПка бардык зыяратчыларды 10 (он) күндүн ичинде, 2026-жылдын 10-майынан 20-майына чейин жеткирүүгө, САПтан КРга кайра 10 (он) күндүн ичинде алып келүүгө милдеттүү.
7. Ажыга баруучулар үчүн акысыз жүктүн нормалары 30 (отуз) кг багаж, 10 (он) кг кол жүк жана 5 литр Зам-зам суусу болушу керек.
8. Ажыга баруучулар үчүн 2-5 куб.м. (200-300 кг) көлөмдөгү дары-дармектерди акысыз ташууну камсыз кылуу.
9. КМДБнын уюштуруу штабынын мүчөлөрү жана ажы-башчылар үчүн ажыларды ташуу мезгилинде акысыз билеттерди берүү.
10. Түз чартердик жана регулярдуу рейстер менен жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча иш тажрыйбасынын болушу.
11. Учактын бортунда ажыга баруучуларды «ХАЛАЛ» (АДАЛ) стандартындагы ысык тамак менен камсыздоо.
12. Ажыга баруучулар Кыргызстандан САПка жана кайра келүү графиги боюнча учуп бара жаткан учурда Жидда жана Мадина шаарларынын аэропортторунда авиакомпаниянын өкүлүнүн болушу.
13. Юридикалык жактын уюштуруу документтери (документтердин толук пакети, анын ичинде устав, юридикалык жактын катталгандыгын күбөлөндүрүүчү документ), Конкурска катышууга арыз берген жактын (өкүлдүн) ыйгарым укуктарын ырастоочу документтер.
14. Чет өлкөлүк авиакомпаниялар үчүн милдеттүү талап-бул Бишкек шаарында расмий өкүлдүн болушу. Бишкек шаарындагы чет өлкөлүк авиакомпаниялардын расмий өкүлү конкурста жеңип чыккан учурда, ажылык сапарга баруу мезгилинде үзгүлтүксүз штаттык режимде иштөөгө жана муфтияттын ыйгарым укуктуу кызматкерлери менен 24 саат байланышта болууга тийиш.
15. Юридикалык жактын (авиакомпаниянын жана анын кызыкчылыгын билдирген юридикалык жактын) салык жана социалдык эсептөөлөр боюнча карызынын жоктугун тастыктоочу документ.
16. Эл аралык стандарттарга жана ташуу эрежелерине ылайык келген учактын, кеминде 45 адамдан турган топторду бөлбөстөн бортко отургузууга тийиш. Авиакомпания бир күндө кеминде 600 (алты жүз) жүргүнчүнү ташуусу керек.
17. Авиакомпаниялар тарабынан берилүүчү документтер милдеттүү түрдө мамлекеттик же расмий тилде болууга жана атайын конверттерге салынып, мөөр басылып бекитилүүгө тийиш (документ чет тилден которулган учурда, документтин берилген котормосун нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүсү зарыл. Документтин түп нускасы же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү чогуу берилет).
18. Конкурстун жеңүүчүсү менен түзүлгөн келишимдин жалпы суммасы төмөнкү тартипте төлөнөт: келишим түзүлгөн учурда 5%; жана 45% Авиакомпания барып, келүү слотун (учуу графигин) бергенден кийин жана электрондук базага (Масар) Муфтиятты каттоо (кирүү мүмкүндүгүн алуу) менен; 45% биринчи рейске 30 күн калганда. Ал эми 5% бир жуманын ичинде САПтан зыяратчылардын акыркы рейс келгенден кийин төлөнүп берилет.
19. Конкурстун жеңүүчүсү менен ташуу жөнүндө келишимге кол коюуда, авиакомпаниянын башкы өкүлүнүн милдеттүү түрдө катышуусу зарыл.
20. Авиаташуучу пассажир жөнүндө алынган маалыматтын купуялуулугун камсыздайт, үчүнчү жактарга тийиштүү расмий каттардын негизинде жана колдонуудагы мыйзамдарга жана эрежелерге ылайык берилет.
21. Муфтият ажылар менен кошо алардын жүктөрүн ташуу, авиабилеттерди брондоо үчүн келишим жана авиакомпаниянын счет-фактурасы боюнча гана Авиакомпанияга төлөйт. Калган бардык милдеттүү төлөмдөрдү жана салыктарды конкурстан жеңген Авиакомпания өзү жүргүзөт.
22. Тараптардын келишимге байланыштуу мамилелерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдары колдонулат. Эгерде талаш-тартыштарды же пикир келишпестиктерди сүйлөшүү жолу менен чечүү мүмкүн болбогон учурда, алар Кыргыз Республикасынын компетенттүү сот органдарында каралат.
23. Авиаташуучу жогоруда көрсөтүлгөн бардык пункттар менен макулдук (кабыл алуу) жөнүндө кепилдик катты берет жана муфтияттын талаптарына жана кызыкчылыктарына жооп берген ташуу келишимин мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө макулдашуу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого милдеттенет.