04:24
USD 87.45
EUR 102.64
RUB 1.04

Шашылыш билдирүү! Аба ырайы кескин өзгөрөт

16—18-сентябрда Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология кызматы билдирди.

Бул күндөрү мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, тоо этектеринде жана бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Айрым аймактарда жаан-чачын катуу болот.

Абанын температурасы төмөндөйт:

Чүй өрөөнү: түнкүсүн +6...+11°, күндүз +17...+22°

Талас өрөөнү: түнкүсүн +2...+7°, күндүз +15...+20°

Ош, Жалал-Абад, Баткен: түнкүсүн +9...+14°, күндүз +20...+25°

Ысык-Көл ойдуңу: түнкүсүн +4...+9°, күндүз +15...+20°

Нарын облусу (дыйканчылык аймактар): түнкүсүн +2...+7°, күндүз +16...+21°

Тоолуу райондор: түнкүсүн 0...+5°, күндүз +9...+14°

Бийик тоолуу райондор: түнкүсүн —9...—14°дан 0°гө чейин, күндүз +1...+6°

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 м/с, айрым жерлерде 15–20 м/с чейин жетет.

ӨКМ туруксуз аба ырайы автотранспортко, байланыш тармагына, энергетика жана коммуналдык кызматтарга, ошондой эле жайыттарда мал кармоого тоскоолдук жаратышы мүмкүн экенин эскертет.

Эң көп окулган жаңылыктар