08:00, 15 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Хорватияда (Загреб шаары) өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын коло байге ээси болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 70 кг чейинки салмак категориясында күч сынашкан кыргызстандык балбан 1/16 финалдык айлампада Чилиден келген Хорхе Хинриксенди 10:0 эсебинде утту. Бирок 1/4 финалга чыгуу үчүн болгон беттеште жапон балбаны Ёшиносуке Аоягиге 0:10 эсебинде утулуп калды. Аягында жапон спортчу финалга чыккандыктан, Эрназарга көңүл жубатуучу таймашта 3-орун үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Көңүл жубатуучу беттеште биздин балбан Венгриядан келген Исмаил Мусукаевди 14:4 эсебинде жеңсе, коло байге үчүн болгон таймашта Армениялык Арман Андреасянды 8:2 эсебинде утуп, дүйнө чемпионатынын коло медалына ээ болду.