Апта башында Бишкекте жаан жаап, күн күркүрөйт. Мындай божомолду синоптиктер билдирди.
15-сентябрда бир аз булут каптап, абанын температурасы түнкүсүн +10 градуска чейин төмөндөп, күндүз +26 градуска чейин жылыйт.
16-сентябрда жаан жаап, күн күркүрөйт. Түнкүсүн термометр +10, күндүз +25 градуска чейин ысыйт.
17-сентябрда аба ырайы кескин өзгөрбөйт, абанын температурасы түнкүсүн +8 гана градус болсо, күндүз +21 градуска чейин суук болот.