14:12
USD 87.45
EUR 100.82
RUB 1.12

Кыргызстанга ханзаада Рахим Ага Хан V келди: Ал архитектура сыйлыгын тапшырат

Кыргызстанга ханзаада Рахим Ага Хан V келди. Бүгүн, 15-сентябрда Бишкекте биринчи жолу архитектура боюнча Ага Хан сыйлыгы тапшырылат. Иш-чаранын алкагында ачык лекциялар жана көргөзмөлөр болот.

Архивден алынды
Фото Архивден алынды. Ханзаада Рахим Ага Хан V

Архитектура тармагындагы бул абройлуу эл аралык сыйлык үч жылда бир ыйгарылат, байге фонду 1 миллион долларды түзөт.

Иш-чарага дүйнөнүн ар кайсы аймактарынан 150дөн ашык расмий өкүлдөр, архитекторлор жана окумуштуулар катышат.

Сыйлык Борбор Азияда биринчи жолу 1992-жылы Самаркандда (Өзбекстан) тапшырылган.

Архитектура боюнча Ага Хан сыйлыгы үч жылда бир берилүүчү архитектура тармагындагы эң маанилүү эл аралык сыйлыктардын бири. Ал 1977-жылы түзүлгөн жана мусулман жамааттарынын маданий мурасын, архитектурасын жана жашоо чөйрөсүн жакшыртууга багытталган долбоорлорду колдоого багытталган.

Сыйлык шаар куруунун бардык тармактарын, мурдагы өнөр жай аймактарын оңдоодон жана социалдык турак жайларды куруудан тартып музейлерди түзүүгө чейин ичине камтыйт. Сыйлыкка архитекторлор да, шаар бийлиги ишке ашырган долбоорлор да катыша алышат.

Эң көп окулган жаңылыктар