11:37, 15 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Белгилүү орусиялык продюсер Максим Фадеев «Интервидение» эл аралык музыкалык сынагында Кыргызстан, Казакстан жана Кытайдан келген катышуучуларга күйөрмандык кылат. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди.
«Мен бардык катышуучуларды угуп, көптөгөн адамдарды белгиледим, бирок өзгөчө үчөөнү, мен алар үчүн түп тамырынан бери жан тартам» - деди продюсер.
Максим Фадеевге казакстандык вокалист Амренин ыры жагып, ал казактарды музыкалуу элдердин бири деп атады.
Продюсер Кыргызстандан «Nomad» тобун да белгиледи. Ал жигиттерди биринчи жолу укканда таң калганын мойнуна алды.
Мындан тышкары кытайлык Ван Синин аткаруусун абдан академиялык деп атап, анын жеңил «майлуу» баритон менен ырдаганын белгилеген.
Мурда чүчү кулак кармоо болуп өткөн. Экинчи номердин астында кыргызстандык «Номад» триосу чыгат. Топ кыргыздын салттуу мотивдери менен заманбап аранжировкаларды айкалыштырган «Жалгыз сага» («Сен үчүн гана») композициясын аткарат.
Трио белгилүү аткаруучуларды: Азат Раимбердиев, Бек Исраилов жана Миңжашар Мурзаевди бириктирди. Катышуучулардын ар бири эл аралык сынактарда чоң тажрыйбага ээ жана абройлуу музыкалык сыйлыктардын лауреаты.
Эскее салсак, 20-сентябрда Москвада «Интервидение» аттуу эл аралык музыкалык сынак өтөт. Баш байге кристалл кубок жана 30 миллион рубль. Ыр сынагынын жеңүүчүсүн Кыргыз Республикасынан келген ырчы Ырыскелди Осмонкулов кирген эл аралык калыстар тобунун мүчөлөрү аныкташат.