Бишкекте таңсыктыкты жоюу үчүн 77 мектеп курулушу керек

14:37, 15 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутаттар Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы «Мамлекеттик мектептерди куруу» долбоорунун 2-баскычы боюнча кредиттик макулдашууну талкуулашты.

Долбоордун алкагында курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу билдиргендей, жылына 1,5 пайыз менен 25 жылга алынган 50 миллион доллар Бишкек шаарында беш жаңы мектепти жана иштеп жаткан билим берүү мекемелери үчүн жети кошумча имаратты, ошондой эле Чүй облусунда эки жаңы мектепти курууга жумшалат.

Эл өкүлдөрү бул долбоорду ишке ашыруу менен мектеп тартыштыгы жабылабы деген суроо узатышты.

Буга жооп катары курулуш министрлигинин өкүлү Тимур Дүйшеев жети жаңы мектеп жана жети имарат жетишсиз экенин билдирди. Ал белгилегендей, билим берүү башкармалыгынын маалыматы боюнча, орун алган тартыштыкты толук жабуу үчүн борбор калаада 77 мектеп курулушу керек.

Комитет мүчөлөрү келишимдин долбоорун жактырышып, билим берүү мекемелерин мүмкүн болушунча көбүрөөк куруу үчүн курулуш министрлигинен мындай долбоорлорду ишке ашырууну улантууну суранышты.