09:00, 16 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Жер үстүндөгү орточо басымдагы газ түтүгүн куруу иштерине байланыштуу 16-сентябрдан 19-сентябрга чейин Бишкектин бир бөлүгүндө жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Бишкекгаз» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Газ өчүрүлө турган аймак төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
Фучик, ЧЧК, Ала-Арча дарыясы, Москва, Кулиев, Бөкөнбаев, Дэн Сяопин, Жангерчинов, темир жол, Садыгалиев, Б.Алыкулов, Патрис Лумумба, Профсоюзная.
Газ түтүгүнүн участогун жылдыруу иштери Бишкек шаарынын мэриясынын демилгеси менен жүргүзүлүп, көчөнү кеңейтүүгө байланыштуу болуп жатат.
«Бишкекгаз» ишканасы шаардыктарды өчүрүү учурунда альтернативдүү энергия булактарын колдонууну суранат жана убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.