Бишкекте контейнерлерден курулган үй өрттөндү, өрт өчүрүү учурда уланып жатат

10:07, 16 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Борбор калаанын Свердлов районундагы Кара-Жыгач конушунда өрт чыкты. Алдын ала маалыматтарга караганда, контейнерлерден курулган үй өрттөнгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз борбору билдиргендей, өрт тууралуу маалымат саат 08:40та келип түшкөн. Окуя болгон жерге Октябрь райондук №7 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм жөнөтүлүп, саат 08:49да дагы бир бөлүм күчтөндүрүүгө барган.

Өрттү өчүрүүгө жалпысынан эки өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Алдын ала маалымат боюнча, өрт болжол менен 300 чарчы метрди каптаган.

Кененирээк маалымат кийинчерээк берилет.