10:47, 16 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетине өзүн-өзү таратуунун демилгечилеринен документ келип түштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова билдирди.
Анын айтымында, депутаттар бул маселени келерки аптада карайт. Документ парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат.
Буга чейин бийликтин мыйзам чыгаруу бутагын өзүн-өзү таркатуу боюнча келишимге кимдер кол койгону белгилүү болгон.
Өткөн жумада демилгечилер парламенттин кийинки жыйынында өзүн-өзү таратуу сунушун айта турган топ түзүшкөн.
Эске салсак, Кыргызстандын азыркы Конституциясына ылайык, Жогорку Кеңешти өзүн-өзү таратуу жөнүндө чечим көпчүлүк — 2/3төн кем эмес, же 60 депутаттын добушу менен жана парламенттин жалпы санынын (30) депутаттарынын 1/3үнүн демилгеси менен гана кабыл алынат.
Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өзүн-өзү тараткан күндөн тартып 65 күнгө чейин 40 күндүн ичинде өткөрүлүшү керек. Сентябрда же октябрдын биринчи жарымында парламент өзүн-өзү таратса, анда шайлоо ушул жылдын ноябрь айында өтүшү мүмкүн. Шайлоочулар Жогорку Кеңештин сегизинчи чакырылышынын курамын аныкташы керек.