Ысык-Көлдө 12,7 миллион сомдук жер мамлекеттин менчигине кайтарылды

15:17, 16 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда мыйзамсыз менчиктештирилген жерлер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Кызыл-Суу айыл өкмөтүнө караштуу жалпы 6 га айыл чарба багытындагы жер тилкелер 2004-2008-жылдар аралыгында жеке жактардын менчигине мыйзамсыз өтүп кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында базар баасы 12,7 млн сомду түзгөн жер тилкелер мамлекетке кайтарылды.