Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу тездетилет

15:48, 16 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» эл аралык темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, убактылуу электр чубалгыларын тартуу жана кирүүчү жолдорду куруу иштери аяктап жатканы белгиленди, учурда өндүрүштүк объектилерди куруу жана курулуш базасын даярдоо иштери жүрүп жатат.

Отурумда, өзгөчө коммуналдык инженердик маселелерге көңүл бурулду (электр чубалгылары, газ жана суу куурлары, телефон кабелдери жана башка тармактар).

Мындан тышкары, темир жол куруудагы жер маселелери жана башка актуалдуу маселелер өзүнчө каралды. Бул багытта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү тапшырмалар берилди.

Жыйындын жыйынтыгында Бакыт Төрөбаев бардык иштерди тездетүүнү тапшырды:

инженердик коммуникацияларды өткөрүп берүү;

курулуш үчүн жол жээктерин тазалоону камсыз кылуу ;

долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон жер участокторун берүүнү аяктоо .