Бүгүн Бишкектин айрым көчөлөрүндө ысык суу берүү убактылуу токтотулат

08:30, 17 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Бүгүн, 17-сентябрда саат 09:00дөн 16:00гө чейин жылуулук тармагындагы аварияга байланыштуу борбор калаанын айрым көчөлөрүндө ысык суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ысык суу төмөнкү даректерде өчүрүлөт:

Көлбаев көчөсү, 17, 19, 21-үйлөр;

Алмедин-1 кичи району, 71-үй.

«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.