Эртең, 18-сентябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүйдө +17...+22,
Талас жергесинде +15...+20,
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +20...+25,
Ысык-Көл аймагында +18...+23,
Нарын өрөөнүндө +18...+23 градус жылуу болот.
Ал эми күндүн табы борбор калаа Бишкекте +18...+20 градуска жетсе, Ош шаарында +21...+23 градус жылыйт.