Апта соңунда бишкектиктерди эмне күтөт? 18-21-сентябрга карата аба ырайы

08:45, 18 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Бишкекте аптанын экинчи жарымы дагы ачык болот. Мындай божомолду синоптиктер билдирди.

18-сентябрда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Түнкүсүн абанын температурасы +9 градуска чейин төмөндөсө, күндүз абанын температурасы +20 градуска чейин гана жылыйт.

19-сентябрда жаан жаап, түнкүсүн +8 градус жылуу болушу күтүлөт. Күндүз +21 градус жылуу болот.

20—21-сентябрда ала булут каптайт. Түнкүсүн бир аз суук болуп — +6 градуска чейин жылуу болсо, күндүз термометр +26 градуска чейин көтөрүлөт.