12:43, 18 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Бишкек-Ош жолунда аба ырайы кескин начарлады. Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына караганда, Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап, коюу туман пайда болууда.
Айдоочулар коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат: унаалардын ортосунда коопсуз аралыкты сактоо, ылдамдыкты азайтуу жана каршы тарапка айдоого жол бербөө керек.
Эске салсак, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн жол жээгинде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери күзөттө турушат.