16:24
USD 87.45
EUR 103.62
RUB 1.06

«Кара кызыл сары» тасмасы «Оскар» сыйлыгы үчүн ат салышат

 Кыргызстан Оскар комитети
Фото Кыргызстан Оскар комитети
Режиссер Актан Арым Кубаттын «Кара. Кызыл. Сары.» толук метраждуу тасмасы Кыргызстандын 2026-жылдагы Оскар сыйлыгына расмий сунушу катары тандалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Оскар комитети билдирди.

Жыл сайын дүйнө өлкөлөрү өздөрүнүн улуттук кинематографиясынын маданий жана көркөм мурасын чагылдырган бир тасманы «Эл аралык мыкты тасма» номинациясына көрсөтүшөт. 1956-жылы түзүлгөн бул категория дүйнөлүк киноиндустриядагы эң абройлуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү категориялардын бири болуп эсептелет.

Ал эми 96-Оскар сыйлыгын тапшыруу аземи 2026-жылдын 8-мартында АКШнын Лос-Анжелес шаарында өтөт.

Белгилей кетсек, 21-июнда Шанхай эл аралык кинофестивалынын негизги программасында «Кара. Кызыл. Сары.» тасмасы баш байгени жеңип алган.

Тасманын чыгармачылык тобу:

— Сценарийин жазган: Топчугүл Шайдуллаева, Актан Арым Кубат;

— Оператору: Талант Акынбеков;

— Койгон: Орозбай Абсаттаров;

— Үн режиссеру: Марс Түгелов;

— Редактору: Евгений Крохмаленко;

— Композитору: Баласагын Мусаев;

— Башкы ролдордо: Наргиза Маматкулова, Айгүл Бусурманкулова, Мирлан Абдыкалыков.

Эң көп окулган жаңылыктар
18-сентябрь, бейшемби