Москвадагы ВДНХдагы «Кыргызстан» павильонуна 370 миңге жакын зыяратчы келген

16:53, 18 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Москвадагы ВДНХдагы Кыргызстан павильону ачылгандан бери бир жыл ичинде 370 000ге жакын зыяратчыларды өзүнө тартты. Бул тууралуу Москва шаарынын көргөзмө комплексинен билдиришти.

Фото

Тарыхый имарат кеңири реставрациядан кийин 2024-жылдын 19-сентябрында ачылган.

Павильондо Кыргыз Республикасынын көргөзмө-соода борбору жайгашкан. Ал ВДНХнын конокторунун арасында популярдуу болуп, анда кыргызстандык өндүрүшчүлөрдүн продукциялары, сувенирлер, идиш-аяктар, маданий буюмдар жана этникалык стилдеги сүрөт бөлүмү бар. Ошондой эле зыяратчылар республикада жасалган тамак-аш азыктарын, кыргыз дизайнерлеринин кийимдерин жана аксессуарларын сатып ала алышат.

Имарат 1954-жылы курулган жана федералдык маанидеги маданий мурас объектиси болуп саналат.

Эске салсак, эртең 19-сентябрда «Кыргызстан» мейманканасында КРнын Эл артисти Ырыскелди Осмонкуловдун концерти болот.