19-сентябрга караган түнү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк бөлүгүндө, Талас облусунун айрым жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк бөлүгүндө, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн +8...+13 күндүз +17...+22
Талас облусунда түнкүсүн +2...+7 күндүз +15...+20
Баткенде түнкүсүн +8...+13 күндүз +19...+24
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8...+13 күндүз +19...+24
Ысык-Көлдө түнкүсүн +5...+10 күндүз +13...+18
Нарын облусунда түнкүсүн +2...+7 күндүз +15...+20
Бишкекте түнкүсүн +11...+13°, күндүз +20... +22 градус болот.