20:07
USD 87.45
EUR 102.85
RUB 1.05

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы ФИФАнын рейтингинде эки тепкичке төмөндөдү

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) кезектеги рейтингинде 106-орунда турат. Жаңыланган тизме ФИФАнын сайтында жарыяланды.

Кыргызстандын командасы эки тепкичке төмөндөдү.

Рейтингде 210 команда бар. Алдыңкы бештикке Испания, Франция, Аргентина, Англия жана Португалия кирген.

АФК зонасында Кыргызстандын командасы 17-орунда турат.

Эскерте кетсек, улуттук курама Өзбекстанда өткөн CAFA Nations Cup турнирине катышып, өз тайпасында эң акыркы орунду ээлеген. Кыргызстан Түркмөнстан менен тең чыгып, Оман менен Өзбекстанга утулуп калды.

Кыргызстандын кыз-келиндер курамасы ФИФАнын рейтингинде 139-орунда турат.

Эң көп окулган жаңылыктар