Бишкектин жол инфраструктурасын жакшыртууга байланыштуу бүгүн, 19-сентябрдан 22-сентябрга чейин Лев Толстой менен Асаналиева көчөлөрүнүн кесилиши толугу менен жабылат. Бул тууралуу муниципалдык басма сөз кызматы билдирди.
Бул убакыт аралыгында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Шаар мэриясы жарандар каттамдарын алдын ала пландаштырып, убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.