Кара-Сууда жаңы «Манас» стадиону ачылды. Ачылыш аземине президент Садыр Жапаров жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.
«Стадион толугу менен реконструкцияланган. Ал 1960-жылдары курулган болсо, учурда толугу менен оңдоп-түзөөдөн өтүп, спортчулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн», — дейт Садыр Жапаров.
Президент өз сөзүндө стадиондун ишке берилиши өлкөбүздүн социалдык өнүгүүсүндө жана жергиликтүү инфратүзүмдү жакшыртууда маанилүү кадам болуп эсептелет деп баса белгиледи.
Объекттин реконструкциясына 274,5 млн сом жумшалды. Мамлекет башчысы белгилегендей, бул каражат келечектин чемпиондоруна, жаштарыбыздын өнүгүүсүнө салынган инвестиция болуп эсептелинет.
Садыр Жапаров мындай стадиондордун курулушу — ириде элдин ынтымагын чыңдоого, жаштарга дем берүүгө салым экенин баса белгилеп, бул сыяктуу долбоорлор Кыргызстандын башка аймактарында да жигердүү жүрүп жатканын ырастады.
Ачылыш аземинен кийин «Мурас Юнайтед» менен «Дордой» командаларынын ортосунда Кыргыз Республикасынын Кубогуна финалдык беттеш болуп, ага Мамлекет башчысы катышты. Беттеш 1:2 эсеби менен «Дордойдун» пайдасына аяктады.
Андан соң сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү. Жеңүүчүлөргө медалдарды жана Кубокту Президент Садыр Жапаров тапшырды.