Таттуу жана экзотикалык курмалар араб өлкөлөрүндө күндү бул жемиштер менен баштоо салтка айланган. Бул жемиш организмди мите курттардан тазалай тургандыгын Edimdoma.ru сайты жазып чыкты.
Эртең менен ач карын 7 курма жеген салты арабдарда илгертен эле пайда болгон жана азыр да көбү аны карманышат.
Байыркы ачылыш ушул күндөрү илимпоздор тарабынан тастыкталган. Айрыкча ичеги-карындын жакшы иштеши жагы белгиленген .
Ач карынга жеген курма ичегидеги мите курттарды жок кылаары, атап айтканда лямблиоз жана амебиазга жардам берери далилденген. Алар ичеги амеба жана башка патогендүү бактериялар менен күрөшүүдө натыйжалуу. Жемиштин курамында клетчатка көп болгондуктан, сиңирүү жана ичегилерди тазалоо үчүн пайдалуу болуп саналат.
Мындан тышкары, курма витаминдерге жана минералдарга бай, ал жүрөккө жана иммундук системага жакшы таасир этет. деп айтылат. Алар сөөктөрдү бекемдейт, мээнин иштешин жакшыртат жана курамында темирдин көптүгүнөн улам аз кандуулуктун коркунучун азайтат.
Бирок курма канттын көптүгүнөн улам ченеми менен жеш керек. 100 г курмада 14 чай кашык кант бар — мейиз, кара өрүк, кургатылган өрүк жана башка кургатылган жемиштерге караганда көбүрөөк.