00:20
USD 87.45
EUR 102.85
RUB 1.05

Бүгүн ЮНЕСКОдо Чыңгыз Айтматовго арналган эл аралык конференция өтүп жатат

Бүгүн, 19-сентябрында ЮНЕСКОнун Париж шаарындагы штаб-квартирасында «Чыңгыз Айтматов жана ЮНЕСКО: Дүйнөнү бириктирген жалпы мурас» аттуу эл аралык конференция башталды.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, конференция Кыргызстандын ЮНЕСКОдогу Туруктуу өкүлчүлүгү тарабынан ТҮРКСОЙ, Түрк маданияты жана мурасы фонду, ошондой эле Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту менен биргеликте уюштурулууда.

Конференциянын негизги максаты — Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын универсалдуу маанисине эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруу, анын маданияттар аралык диалогду бекемдөөгө кошкон салымын баса белгилөө, ошондой эле жазуучунун идеяларынын ЮНЕСКОнун баалуулуктары менен актуалдуулугун көрсөтүү болуп саналат.

Эл аралык конференция Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүүдө маанилүү окуя болуп, анын дүйнөлүк маданий мураска кошкон салымын дагы бир жолу баса белгилейт. Ал мурас дүйнөдөгү элдерди жана өлкөлөрдү бириктирген руханий жана маданий көпүрө болуп эсептелет.

Эң көп окулган жаңылыктар