Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт агенттигинде ири коррупциялык схеманын бети ачылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалымат борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган агенттиктин директорунун орун басары Т.С.С. жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча каржы бөлүмүнүн жетекчиси А.Р.Д. 2023-жылы «Кыргыз спорттук-ден соолукту чыңдоочу медицина борбору» мекемеси расмий түзүлгөнгө чейин медициналык жабдууларды сатып алуу процедураларын баштаган.
Аталган кызмат адамдары өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын көздөгөн пландарын ишке ашыруу жана мыйзамсыз материалдык баюу максатында «Ф» ЖЧКнын аффилирленген фирмасын 30 млн сом суммасында медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн тартышкан, ал жерде макулдашуу талап кылынган стандарттарга ылайык келбеген бааларды жогорулатуу менен жабдуулардын тизмесин жана аталыштарын өзгөртүшкөн.Коррупциялык схеманын натыйжасында сатып алынган жабдуулар бүгүнкү күнгө чейин толук ишке киргизилген эмес жана максатына жараша пайдаланылбай, кампада сакталып турат. Мында жогорулатылган баалардын айырмасы боюнча гана мамлекеттин бюджетине 10 млн сомдон ашык зыян келтирилген.
Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү боюнча департаментинин директорунун орун басары, 1979-жылы туулган Т.С.С., мамлекеттик сатып алуулар боюнча каржы бөлүмүнүн жетекчиси, 1983-жылы туулган А.Р.Д. жана «Ф» ЖЧКсынын директору, 1978-жылы туулган Т.Н.А. кармалды.
УКМК бул коррупциялык аракеттерге тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чараларын улантууда.