Бишкектин тургуну көзү ачыкка «сыйкырдуу кызматы» үчүн 100 миң доллар берген

15:52, 19 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Борбор калаада ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аял жеке жашоосун жакшыртууга үмүттөнүп, 2022-2025-жылдар аралыгында төлгөчүгө «сыйкырдуу кызматтар» үчүн акча бергенин айтып, арыз менен кайрылган. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы болжол менен 100 миң долларды түздү.

Фото ИИМден. Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды.

Аталган факт КРнын кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен каттоого алынып, шектүү катары 1995-жылы туулган Б.К. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө уланууда.