16:39, 19 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com
2025-жылдын жай айындагы аномалдуу ысык аба ырайынан улам Кыргызстанда дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү бир топ төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин Айыл чарба статистикасы башкармалыгы билдирди.
Ведомствонун маалыматы боюнча, 23-августка карата 900 миң тоннадан ашык дан жыйналды. Бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 23 пайызга аз. Органдын аянты 6 пайызга көбөйүп, 429 миң гектарды түздү.
Негизги төмөндөө Чүй жана Талас облустарында болгон. Республика боюнча буудайдын орточо түшүмдүүлүгү 31,6 пайызга, арпанын түшүмдүүлүгү 31,5 пайызга төмөндөгөн.
Ысыкка карабай эмнелердин түшүмү көбөйгөн?
Май өсүмдүктөрү — 47,4 пайызга;
Мөмө-жемиш өсүмдүктөрү — 22,2 пайызга;
Коон — 17,2 пайызга;
Жашылчалар — 11,2 пайызга;
Картошка — 3,6 пайызга.