Эртең Бишкекте жалпы шаардык ишембилик өтөт

17:38, 19 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Бишкекте эртең, 20-сентябрда жалпы шаардык ишембилик өтөт. Бул тууралуу муниципалдык басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек мэриясы бардык шаар тургундарын жана менчигинин түрүнө карабастан мекеме-уюмдарды ишембиликке катышууга чакырат.

«Шаарды көрктөндүрүү үчүн өз салымыңызды кошуп, бекитилген аймактарды иретке келтириңиздер. Келиңиздер, шаарыбызды көрктүү, таза кылалы», — деп кайрылышты муниципалитеттен.