08:30, 22 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Кыргызстандык балбан Асан Жанышов Хорватияда өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль тагынганын UWW сайты билдирди.
Ал коло үчүн болгон күрөштө венгриялык балбан Давид Лосончини 4:2 эсебинде жеңип алды.
Жанышов буга чейин Түркия менен Азербайжандын спортчуларын жеңип, кийин финалга өткөн ирандык балбанга утулуп калган.
Жубатуучу турнирде кыргызстандык алгач немис балбанын, андан соң венгриялык балбанды жеңип алды.
Жанышовдун коло медалы грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курамасы үчүн жалгыз коло байгеси болду. Раззак Бейшекеев коло үчүн күрөштө армениялык Славик Галстянга 5:15 эсебинде жеңилип калды.