19:58
USD 87.45
EUR 102.86
RUB 1.04

Ошто жаш кыз Навои сейил багында аттракциондон кулап, каза болду

Ош шаарындагы Алишер Навои сейил багында аттракциондон кыз кулап, каза болду. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Окуя кечээ, 21-сентябрда болгон. Бөлүмдүн маалыматына караганда, тез жардам кызматына аттракциондон жаш кыз кулап кетип, ооруканага жетпей каза болгону тууралуу чакыруу түшкөн. Каза болгон жаран Кара-Суу районунун 2007-жылы туулган.

Милиция окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.

Буга чейин Ош шаарындагы Панфилов атындагы сейил багында аттракциондон кыз кулап кетип, ооруканага түшкөн. Окуя 2025-жылдын 31-мартында болгон. Окуяга күбө болгондордун айтымында, кыз минип баратканда аттракциондордун бириндеги коопсуздук куру сынып, ал кулап кеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар