18:31
USD 87.45
EUR 102.86
RUB 1.04

Нарында 30 метрлик алп шаурма бышырып, бүт шаарды тойгузушту

Нарында жергиликтүү кафе туулган күнүн шаардагылардын эсинен кетпегидей кылып белгиледи. Мекеме өзүнүн экинчи жылдыгын белгилөө үчүн узундугу 30 метрге жеткен гигант шаурманы жасап, конокторду таң калтырууну чечти.

Уюштуруучулардын айтымында, бул үчүн 25 килограмм эт, 70 барак лаваш, 20 килограмм картошка жана башка керектүү азыктар сарпталган. Майрамдык иш-чарага 200дөн ашык балдар жана алардын ата-энелери катышты.

Мындан сырткары, коноктор үчүн оюндар, оюн-зоок программасы даярдалып, белектер да тартууланды.

Эң көп окулган жаңылыктар