Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, жамгыр жаашы күтүлөт

14:40, 22 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, нөшөрлөгөн жамгыр жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-сентябрда күндүз жана 24-сентябрда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт.

Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ал эми ӨКМ жаан-чачынга байланыштуу ойдуң жана эңкейиш жерлерди суу каптоо коркунучу бар экенин билдирди. Аймактардын жашоочуларына абайлап, жамгыр жааган мезгилде дарыялардын нугуна жана сайларга жакын болбоону эскертет.