18:16
USD 87.45
EUR 103.22
RUB 1.05

Садыр Жапаров Улуу Британиянын экс-премьер-министри Тони Блэр менен жолугушту

Президенти Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында Улуу Британиянын мурдагы Премьер-министри, учурда Глобалдык өзгөрүүлөр институтунун Аткаруучу төрагасы Тони Блэр менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Глобалдык өзгөрүүлөр институтунун ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечеги талкууланды.

Президент Тони Блерге Кыргызстандын улуттук келечектүү долбоорлору жөнүндө айтып берди.

Бюрократиядан арылуу жаатында өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Президент Глобалдык өзгөрүүлөр институту тарабынан сунушталган бюрократиядан арылуу боюнча сунуштар каралып жаткандыгын баса белгиледи.

Өз кезегинде Тони Блер Президент Садыр Жапаровго жолугушуу жана мазмундуу диалог үчүн ыраазычылык билдирди.

Тони Блэр мамлекеттик башкарууну модернизациялоо, экономиканы өнүктүрүү, санариптик технологиялар, билим берүү жана башка маселелер боюнча өкмөттөргө консультациялык колдоо көрсөткөн Глобалдык өзгөрүүлөр институтунун ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди.

«Өкмөттөр үчүн эң татаал нерсе — сөздү ишке ашыруу. Стратегиялык пландар адамдар сезе турган реалдуу өзгөрүүлөргө айланышы маанилүү», — деп белгиледи Тони Блэр.

Бул контекстте ал Кыргызстандын жетекчилиги тарабынан жасалып жаткан кадамдарды жогору баалап, өлкөдө болуп жаткан оң өзгөрүүлөргө, ошондой эле мамлекеттик башкаруу системасынын жакшырышына дыкат көз салып жатканын баса белгиледи.

Тони Блэр бюрократиядан арылуу, туризм, инвестиция жана банк иши жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча топтолгон тажрыйбасы менен бөлүшүүгө жана кызматташууну улантууга даярдыгын билдирди.

Тараптар эксперттик диалогду улантууну жана Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн биргелешкен демилгелерди баштоо мүмкүнчүлүгүн кароону макулдашты.

Эң көп окулган жаңылыктар