Бүгүн, 23-сентябрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда жол ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жол тейлөө ишканалары тарабынан инерттик материалдарды камдоо жана техникаларды кышкыга даярдоо иштери кызуу уланууда.
Министрлик өлкөдөгү туруксуз аба ырайына жана 2025-2026-жылдын күз-кыш мезгилине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерине байланыштуу тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып алууга чакырат.
Белгилей кетсек, Кыргызгидромет кызматы 23-24-сентябрь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөрүн эскерткен.