Кочкор районунда жаңы спорт комплекси курулат

15:13, 23 сентября 2025, Бишкек - 24-kg.com

КР Курулуш, архитектура, турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кочкор районундагы спорт комплексинин курулушуна бөлүнгөн жерди көрүп, долбоору менен таанышты.

Фото Курулуш министрлиги. Кочкор районунда жаңы спорт комплексинин долбоору
Бул долбоор район тургундарынын сергек жашоосуна жана келечек муундун спорт менен машыгуусуна өбөлгө түзөт.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлү менен Нарын облусундагы бир катар маанилүү социалдык объектилер курулат. Анын арасында аталган спорт комплекси дагы бар.